Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-8
Гулистан айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиялануучулардын ата-энелеринин жалпы чогулуштарынын протоколдорун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси иш жүргүзүп келүүдө. Бул эки билим берүү мекемелеринде 300 бала тарбияланып, 01.01.2025-жылдан эки бала бакчага бир тайпадан кошулду жана 360 бала тарбияланууда. 2024-жылдын 8-декабрь күнү бул мекемелерде ата-энелердин чогулуштары болуп өткөн. Бул чогулуштарда ата-энелер азыркы күндө азык-туулук продукциялардын наркы жогорулап кеткендигинен, балдарга төлөнүүчү взносторго кошумча акы төлөөнү чечишкен. Балдар бакчаларынын администрациясы ата-энелердин чогулушундагы чечимдерди колдоп берүү максатында айылдык кеңешке кайрылган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып жана талкуулап, токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагындагы “Гүлбакча” жана “Теремок-Гулистан” мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиялануучулардын ата-энелеринин 2024-жылдын 8-декабрындагы жалпы чогулуштарынын протоколдорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Азыркы күндө азык-туулук продукциялардын наркы жогорулап кеткендигинен, төлөнүүчү 700 сом взноско кошумча 300 сом төлөнүп, 2025-жылдын 01-январынан тартып ар бир тарбиялануучуга бир айына 1000 сом взнос төлөнүшүнө макулдук берилсин.
3.Балдар бакчаларындагы атайын каражаттын бир жылдык планы 4140,0 миң сомго бекитилсин.
4.Төлөнгөн взносторду иштетилишин көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |