Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/8
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу спорт
мектептеринин ижара акыларын аныктап бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 8-отуруму , Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктарына ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин спорт залдары , элдердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу үчүн сабак убактыларынан сырткары саат 19:00дон 23:30 га чейин акы алып кирүүгө уруксат берилсин.
2. Спорт аянтчаларынын ижара акысы саатына 300 (үч жүз) сом деп бекитилсин .
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |