Загрузка документа…
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
ТОКТОМ
04.09.2024-жыл. № 9
Кашка-Суу айылы
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга ( трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылдык аймагындагы “Кептеш” участкасынын №174 контурунан 0,07 га жайыт, №190 контурунан 0,05 га жайыт, №199 контурунан 0,10 га жайыт, №200 контурунан 0,01 га Кашка-Суу дарыясы, №201 контурунан 0,13 га жайыт, №204 контурунан 1,15 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган жалпы 1,51 га жер аянтын таза суу түтүгүн тартып келүү үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Баатыркулов |