Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8 - отуруму
2024-жылдын 22-августу № 8/9
Жоопкерчилиги чектелген «Перити Коал» ишканасы 2004-жылдан бери Ош облусунун Алай, Чоң-Алай , Кара-Суу жана Араван райондорунун алыскы, шарты катаал айыл мекемелерин, мектеп-интернаттарын , балдар үйлөрүн, Гүлчө айылынын элин көмүр менен камсыз кылууда кызмат көрсөтүп келген алдыңкы адистерге «Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик күнүнө» карата Гүлчө айылдык кеңешинин «Ардак Грамотасына» көрсөтүү боюнча сунушу жөнүндө
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 8-отуруму, депутат Каныбеков Эмилдин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34 - беренесинин 2 - пунктунун ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын элин , мекеме ишканаларды, мектеп-интернатты көмүр менен камсыз кылууда эмгектенген алдыңкы адистердин кошкон салымдары эске алынып, өздөрүн алдыңкы адис катары көрсөткөн төмөндөгү адистер Гүлчө айылдык кеңешинин «Ардак Грамотасы » менен сыйлансын:
1. Примов Бердибай – директор
2. Бердиев Абдимуталип Мамасабирович – зам.директор
3. Акматалиев Мыктыбек Шакиралиевич – юрист
4. Петченко Елена Григорьевна – зам.директор
5. Каныбеков Эмилбек Каныбекович – кассир
6. Эсенбек уулу Орозбай –кампачы
7. Анарбаев Мирбек Зайнабидинович –исполнительный директор
8. Тороев Нурбек Талипович – начальник СБ.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы кеңештин иштери боюнча маселелер, мыйзамдуулук . жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |