Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-9
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Саттаровдун 2025-жылдын 13-январындагы чыгыш № 01-19/24-сандуу сураныч катын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнө “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коому тарабынан 2024-жылдын 29-ноябрь күнү чыгыш № 16-4/3508-сандуу кайрылуу келген. Бул кайрылууда “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коому Гулистан айыл өкмөтүнүн балансында турган почта имаратын өзүнүн менчигине өткөрүп берүүнү суранган. Айыл өкмөтүнүн башчысы бул маселени айылдык кенештин сессиясында карап берилишин өз катында суранган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселе менен таанышып чыгып, токтом кылат:
1.Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Саттаровдун 2025-жылдын 13-январындагы № 01-19/24-сандуу сураныч каты кароосуз калтырылсын.
2.Гулистан айыл өкмөтүнүн балансында болгон муниципалдык мүлктөрдү туура багытта пайдалануу жана сактоо максатында көзөмөлдү күчөйтүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Саттаровго тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |