Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-январы №3-10
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Гулистан айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтык отчетун жана жазма буйругун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнундөгү 2016-жылдын 31-мартындагы № 22-Токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйрук жана отчетун бекитип берүү максатында, Гулистан айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текешерүнүн натыйжалары жөнүндөгү материалдарды карап чыгып жана талкуулап, токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Гулистан айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтык отчету жана жазма буйругун бекитилишине макулдук берилсин.
2.Гулистан айыл өкмөтүнө:
-Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында аныкталган бюджет боюнча кемчилдиктерди жоюу боюнча туруктуу иш жүргүзүлсүн.
3.Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында аныкталган бюджет боюнча кемчилдиктерди жоюу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө мыйзам чегинде тартиптик чаралар көрүлсүн.
4.Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам буузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар, аны аткарылышы жөнүндө Гулистан айылдык кеңешине маалымат берилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |