Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №4-1
Гулистан айыл аймагы Чоң-Кыштоо айылы “Алдыке” калктуу конушундагы № 3а-контурунда жайгашкан 0,21 гектар өлчөмүндөгү жер аянты жана № 533-контурунда жайгашкан 0,19 гектар өлчөмүндөгү жер аянтын кичи ГЭС куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башкалардын жерлери” категориясына которуп берүү боюнча айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимдерин кароо жөнүндө
Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасындагы электр энергиясына болгон танкыстыкты жоюу максатын көздөп, Гулистан айыл аймагы Чоң-Кыштоо айылынын “Алдыке” калктуу конушундагы № 3а-контурунда жайгашкан 0,21 гектар өлчөмүндөгү “Кыргыз-Ата” дарыясынын жээгиндеги жер аянты жана № 533-контурунда жайгашкан 0,19 гектар өлчөмүндөгү “Жайыт жерлериндеги” (жалпысы 0,40-гектар) жер аянтына кичи ГЭС куруу маселеси айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча ” туруктуу комиссиясынын отурумунда каралган. Отурумдун чечимдери менен Гулистан айылдык кеңеши таанышып чыгып, токтом кылат:
1.Гулистан айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда иштелип чыгылган корутунду маалымат катары каралсын.
2.Гулистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылынын “Алдыке” калктуу конушундагы № 3а-контурунда жайгашкан 0,21 гектар өлчөмүндөгү “Кыргыз-Ата” дарыясынын жээгиндеги жер жана № 533-контурунда жайгашкан 0,19 гектар өлчөмүндөгү “Жайыт жерлериндеги” (жалпысы 0,40-гектар) жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башкалардын жерлери” категориясына которуп берүүгө макулдук берилсин.
3. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Гулистан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылынын “Алдыке” калктуу конушундагы жогоруда көрсөтүлгөн 0,40-гектар жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башкалардын жерлери” категориясына которуп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Жердин категориясын өзгөртүү боюнча керектелүүчү бардык иш-кагаздарды даярдоо тапшырылсын.
- “Кара-Кой жарыгы” ЖЧК менен Гулистан айыл өкмөтү ортосунда кичи ГЭС куруу боюнча түзүлө турган жаңы келишим төмөндөгү жагдайларды эске алуу менен түзүлсүн:
а.Жаңыдан курула турган ГЭСтин курулушка уруксат берген мамлекеттик ишканалардын корутундусу болуусу.
б. Жаңыдан курула турган ГЭСтин айлана чөйрөгө, экосистемага жана элдерге көрсөткөн таасирин аныктаган мамлекеттик ишканалар жана көз карандысыз эксперттердин корутундусу болуусу.
в. Жергиликтүү калктын жана айыл аймагынын кызыкчылгынын эске алуу менен түзүлсүн.
г. Кичи ГЭС курулушу пландаштырылган, бүгүнкү күндө “Чоң-Кыштоо” айылынын тургундары пайдаланып жаткан жер аянтына ГЭС куруу учурунда келтирилген зыяндын ордун толуктоо “Кара-Кой жарыгы” ЖЧК тарабынан аткарылышы жана мөөнөтү көрсөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |