Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №4-2
Гулистан айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 04-мартындагы №01-19/230-сандуу катын айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн орточо базалык салыктык нарк бир чарчы метрге 12 сом 66 тыйын болуп белгиленсин.
2.Гулистан айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салык ставкасынын белгиленген өлчөмү боюнча иш алып баруу жагы Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага
| У.Мирзакулов |