Загрузка документа…
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
ТОКТОМ
04.09.2024-жыл. № 11
Кашка-Суу айылы
Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы “Көлөк-Өтөк” участкасынын №104 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндө турган 0,05 га жер аянтына сарай салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Баатыркулов |