Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №4-3
Гулистан айыл өкмөтүнүн базалык реестрге кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” № 772-Токтомун аткарууга алып, айыл өкмөтүнүн иштелип чыгылган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарын бекитүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Гулистан айыл өкмөтүнүн базалык реестрге кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарын бекитилишине макулдук берилсин.
2.Иштелип чыгылган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары боюнча иш алып баруу Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага
| У.Мирзакулов |