Загрузка документа…
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
ТОКТОМ
04.09.2024-жыл. № 12
Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылына кичи футболдук аянтча курууну түрткү берүүчү грантка сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинен Бурган-Суу айылындагы кичи футболдук аянтчанын курулуш Республикалык түрткү берүүчү грантка сунуштоо үчүн өздүк салымга 3 066 012 (үч миллион алтымыш алты миң он эки) сом каралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Баатыркулов |