Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №4-4
“Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коомунун жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү боюнча 2025-жылга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңешине “Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коому жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү үчүн, Гулистан айыл аймагында автоунаалардын 2025-жылга кызмат көрсөтүү акын белгилеп берүү сунушу менен кайрылган. Гулистан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, токтом кылат:
1.“Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коомунун автоунаалардын 2025-жылга кызмат көрсөтүүсүнүн күндүзгү жана түнкү акы: отургузуу акы 25 сом, андан кийин ар бир километрге 30 сомдон кылып белгиленсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага
| У.Мирзакулов |