Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын
ТОКТОМ
04.09.2024-жыл. № 13
Кашка-Суу айылы
Макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кашка-Суу айылындагы айыл өкмөттүн кеңсесинин түштүк-батыш тарабындагы 4 сот жер аянтына айылдын инфраструктурасын көтөрүү жана айыл элинин эс алуусуна жакшы шарт түзүү максатында эс алуучу парк курууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Баатыркулов |