Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №4-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын өз ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу, 2025-жылда сугат суунун тарифтерин бекитүү боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 4-мартындагы чыгыш № 01-19/230 сандуу катын кароо боюнча
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “АСИР” сугат суудан пайдалануучулар уюму 2024-жылда өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Азыркы күндө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн ишканалардын бириктирип, муниципалдык ишкана түзүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Гулистан айыл өкмөтү айылдык кеңешке кайрылып сугат суунун тарифтерин 2024-жылда бекитилген тарифтер боюнча бекитилип берилишин кат аркылуу суранган. Гулистан айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн 04.03.2025-ж. чыгыш № 01-19/230-сандуу каты менен таанышып чыгып, токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагында 2025-жылга сугат суу кызмат акысы 1 сотых жерине 20 сом болуп белгиленсин.
2.Жеке тамаркаларга бир жылга сугат суу төлөмү төмөнкүдөй болуп бекитилсин: 1. 0,08 гектарга чейинки жерге төлөм – 100 сом; 2. 0,08 гектардан жогоркусу– 250 сом болуп бекитилсин.
3.Элдерди сугат суу менен камсыз кылууну туруктуу көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |