Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 1-отуруму
2024-жылдын 28-ноябры № 3
«Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 281 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалыматты талкуулап, Кезектеги III Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жана жумушчу топтун курамын түзүү, алгылыктуу жумуш алып баруу максатындаКурманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 281 Жарлыгына ылайык Кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтордун курамы төмөнкүлөрдөн түзүлсүн (№1 тиркеме).
2. Кезектеги III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Жумушчу топтун курамына Кезектеги III Элдик курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүү милдетендирилсин.
4. Кезектеги III Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардын келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды убагында берип туруу жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.
Төрага: | Д.Камчыбек уулу |