Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин биринчи сессиясы
ТОКТОМ
29.11.2024-жыл. № 1
Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Эсептөө комиссиясынын Кашка-Суу айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2.Карыбеков Бактияр Имамидинович Кашка-Суу айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |