Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №4-6
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн“Каратурпак таза суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси өз ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу, 2025-жылда ичүүчү суунун тарифтерин бекитүү боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 4-мартындагы чыгыш № 01-19/230 сандуу катын кароо боюнча
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Каратурпак таза суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси 2024-жылда өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Азыркы күндө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн ишканаларды бириктирип, муниципалдык ишкана түзүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Гулистан айыл өкмөтү айылдык кеңешке кайрылып ичүүчү суунун тарифтерин 2024-жылда бекитилген тарифтер боюнча бекитилип берилишин кат аркылуу суранган. Гулистан айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн 04.03.2025-ж. чыгыш № 01-19/230-сандуу каты менен таанышып чыгып, токтом кылат:
1.Айыл аймагында ичүүчү суу үчүн тариф 2025-жылга суу түтүгү үйүнө орнотулган кожолуктарга айына 200 сомдон, көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдалануучу кожолуктарга айына 100 сомдон, суу эсептегич орнотулган кожолуктардан бир метр кубуна 20 сомдон деп белгиленсин.
2.Гулистан айыл өкмөтүнө:
-Айыл аймагындагы бардык ичүүчү суу түтүктөрүн тейлөөгө алуу.
-Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын аткарылышы боюнча 2025-жылдын II-кварталында маалымат берүү тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага
| У.Мирзакулов |