Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-марты №4-7
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ)өз ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу, 2025-жылда жайыт акы тарифтерин жана ички тартип эрежелерин бекитүү боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 4- мартындагы чыгыш № 01-19/230 сандуу катын кароо боюнча
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт пайдалануучулардын бирикмеси 2024-жылда өз ишмердүүлүгүн токтоткон. Азыркы күндө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн ишканаларды бириктирип, муниципалдык ишкана түзүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Гулистан айыл өкмөтү айылдык кеңешке кайрылып, жайыт тарифтерин жана ички тартип эрежелерин 2024-жылда бекитилген тарифтер боюнча бекитилип берилишин кат аркылуу суранган. Гулистан айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн 04.03.2025-ж. чыгыш № 01-19/230-сандуу каты менен таанышып чыгып, токтом кылат:
1.2025-жылга карата жайыт акы тарифтери, жайыт акын төлөө келишими жана ички тартип эрежелери бекитилсин. (Тиркемелер тиркелет).
2.2025-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо, жайыттарды жакшыртуу боюнча
аткарыла турган иштерин көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага
| У.Мирзакулов |