Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №5-1
Гулистан айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жобонун талаптарына ылайык, Гулистан айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагындагы жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-
ишканалардын протоколдорундагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитилишине макулдук берилсин.
2.Токтом тиркемелери менен Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| У.Мирзакулов |