Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин биринчи сессиясы
ТОКТОМ
29.11.2024-жыл. № 4
Кашка-Суу айылы
Кыргыз Республикасында Кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айылдык аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү Кашка-Суу айылындагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жыйындар залында 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10:00 гө өтүлө тургандыгы белгиленсин.
2.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын жалпы саны айыл аймактын калкынын жалпы саны, айыл аймактын жашоочуларынын санына жараша жалпы төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
- Кашка-Суу айыл аймагы боюнча - 50 өкүл;
Айылдарга бөлүнүшү боюнча:
- Кашка-Суу айылы - 13 өкүл;
- Ачык-Суу айылы - 13 өкүл;
- Кабык айылы - 8 өкүл;
- Кара-Кабак айылы - 7 өкүл;
- Жайылма айылы - 6 өкүл;
- Бурган-Суу айылы - 3 өкүл.
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мамараимов Кубаныч Ибраимовичке жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |