Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели №5-2
Гулистан айыл аймагы Беш-Коргон айылындагы “Жаңы-абад-2” көчөсүн асфальттоо долбооруна жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражат кароо жөнүндө
Гулистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылындагы “Жаңы-абад-2” көчөсүнүн асфальттоо долбоору 2025-жылдагы мамлекеттик түрткү берүүчү грант эсебинен каржыланат. Бул долбоорго Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары 220 000 сом акча каражаты каралган. Бирок бул долбоорго кошумча дагы жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралышы керек. Бул маселе менен Гулистан айылдык кеңеши таанышып чыгып, токтом кылат:
1.Гулистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылындагы “Жаңы-абад-2” көчөсүнүн асфальттоо долбооруна айыл өкмөтүнүн салымы катары кошумча 55 000 (элүү беш миң) сом акча каражатты ажыратуу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Керектелүүчү акча каражаттын булактарын табуу Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Б. Эргешовага жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |