Загрузка документа…
УРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2-отуруму
2024-жылдын 13-декабры № 7/5
Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылындагы көпүрөгө (маркум) Жорубаев Сүйүнбайдын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик аймактык түзүлүштүн мекемелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун 5-пунктунун талаптарына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Караган айылындагы көпүрөгө (маркум) Жорубаев Сүйүнбай атындагы көпүрө болуп аталсын.
2. Жорубаев Сүйүнбай атындагы көпүрөгө кетүүчү чыгымдарды камсыздап берүү жагы небереси Жорубаев Акжолго жүктөлсүн (макулдашуу менен).
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.
Төрага: | Д.Камчыбек уулу |