Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экинчи сессиясы
ТОКТОМ
27.12.2024-жыл. № 1
Кашка-Суу айылы
Көчөнүн атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айылындагы Туюк көчөгө Кашка-Суу айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери маркум Сапарбай Жумабаевдин атын ыйгаруу жөнүндөгү айыл элинин кайрылуусун карап чыгып, Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айылындагы Туюк көчөгө Кашка-Суу айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери маркум Сапарбай Жумабаевдин атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы уулу Сапарбай уулу Бекболотко тапшырылсын.
3.Көчөнүн тазалыгын жана иреттүүлүгүн кароо жагы жакындарына жана көчө башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |