Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экинчи сессиясы
ТОКТОМ
27.12.2024-жыл. № 3
Кашка-Суу айылы
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Аймактагы калктуу конуштарда жашаган айыл тургундарынан таштанды жыйындарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.А.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Аймактагы калктуу конуштарда жашаган айыл тургундарынан таштанды жыйымдарынын өлчөмү 80 (сексен) сомго бекитилсин.
2. Юридикалык жактарга (ЖЧК,ААК, туристтик фирмалар, жеке ишкерлер) таштанды жыйымдарынын өлчөмү ар бир адамга 150 (жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Таштанды салыгын 2025-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төлөөлөрү керек экендиги эскертилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |