Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экинчи сессиясы
ТОКТОМ
27.12.2024-жыл. № 4
Кашка-Суу айылы
Салык өлчөмдөрүнөн жеңилдиктерди бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесине ылайык 2024-жылга үй жанындагы короо-жай, жер участоктору боюнча салыктан 100 пайыздык чен менен айыл аймактагы төмөндөгү белгиленген жарандарга жеңилдиктер берилсин:
-улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭС индеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;
-кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары;
- жеке жак-пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;
-эрезеге жете элек 4 же андан ашык балдары бар жеке адам.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисияна тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |