Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экинчи сессиясы
ТОКТОМ
27.12.2024-жыл. № 5
Кашка-Суу айылы
Ижарага берилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы баасын аныктоо жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтү Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдө 1га жер аянтынын баштапкы баасы 400 ( төрт жүз) сом деп белгиленсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |