Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 10-декабрындагы № 11
Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуз аба каттамдарына болгон муктаждыгын камсыздоо, жарандык авиация тармагындагы эл аралык принциптерди жана стандарттарды киргизүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 315 Жарлыгын аткаруу, улуттук авиациялык тутумду чыңдоо, анын ачык-айкындыгын, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 8 буйругу менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130/б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмосуна» төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Киришүү" бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бул Кыргыз Республикасында аба кемелеринин тастыктамасын берүү боюнча Колдонмо (мындан ары – Колдонмо) Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин (КРАЭ) талаптарына жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыккан.
Бул колдонмонун максаты – аба кемелеринин эксплуатанттарынын тастыктамаларын (ЭТ) жана тиешелүү эксплуатациялык спецификацияларды берүү боюнча бирдиктүү тартипти аныктоо. Бул колдонмо Жарандык авиация органынын (ЖАО) инспекторлоруна, аба кемелеринин эксплуатанттарына жана ошондой эле, башка кызыкдар тараптарга керектүү документтерди даярдоо жана тапшыруу жана шайкештикти баалоо жол жоболорун жүргүзүү жана эксплуатациялык талаптарды аткаруу боюнча так жана туруктуу көрсөтмөлөрдү берет.
Бул колдонмонун колдонулушу учуулар коопсуздугун жогорулатууга, эксплуатанттардын улуттук мыйзамдардын талаптарына жана эл аралык авиациялык стандарттарына шайкештигин камсыз кылууга, жана ошондой эле эксплуатанттар менен Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органынынын ортосундагы эффективдүү өз ара аракеттешүүсүнө багытталган.
Бул колдонмодо көрсөтүлгөн бардык жол-жоболор ЖАО инспекторлору үчүн тастыктамалоо жол-жоболорун жүргүзүүдө колдонууга милдеттүү жана эксплуатанттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жерлерде аба кемелерин тастыктамалоого даярдоодо жана кийинки эксплуатациялоодо негизги колдонмо катары кызмат кылуусу керек.»;
2) 1-главанын 1-пункту төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:
- «кызматтык позициясы» бул учуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу арыз ээсинин/эксплуатанттын башкаруучу (башкаруучу) персоналынын ичинен кызматтык штаттык бирдик;
- «куратор» – арыз ээси/эксплуатант менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо жана авиациялык мыйзам талаптарына ылайык анын тастыктамалоо процесстерин коштоо (колдоо) үчүн дайындалган, Жарандык Авиация Органынын (ЖАО) ыйгарым укуктуу инспектору.
- «Жарандык авиация органы» – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги.
- «арыз ээси/эксплуатант» – арыз берип жаткан жана эксплуатант тастыктамасын алууга талапкер болуп жаткан жеке жак (адам), уюм же ишкана;
3) 4-пунктта «эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү» деген сөздөр «эксплуатациялык спецификациялары» деген сөздөр менен алмашытырлсын;
4) 9-пункт «арыз ээси» деген сөздөрдөн кийин «эксплуатант тастыктамасын алууга» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 12- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Алдын ала арыз, арыз ээсинин укуктук абалы жана финансылык-экономикалык абалы тууралуу жалпы маалыматтарды камтыйт, бул маалыматтар таанышуу үчүн берилет; алардын толук баалоосу тастыктамалоонун III этабында жүргүзүлөт.»
6) 13-пункттагы «өз ара аракеттенүүсү» деген сөздөрдөн кийин «жүрүү» деген сөздөр менен толукталсын;
7) 17- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Жүргүзүлгөн жолугушуулардан жана жыйындардан кийин ЖАОнун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- тастыктамалоого даярдык көрүү боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүп, ушул Колдонмонун 88–91-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү эске алуу менен кийинки алдын ала кеңешменин датасын белгилешет, же болбосо ЖАОнун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү же арыз ээси/эксплуатант арыз ээсинин тастыктамалоо жол жобосуна (процедурасына) даяр эместиги жөнүндө пикирде болушкан учурда, арыз ээсине өз ниеттерин өзгөртүүнү жана/же тастыктамалоого алдын ала арызды кайрадан берүүнү сунуштай алышат;
- Эгер ЖАОнун тастыктамалоо боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү алдын ала арызда берилген маалыматты канааттандырарлык деп таап, арыз ээси/эксплуатант тастыктамалоо процесси жана тастыктамалык талаптар боюнча так түшүнүккө ээ деп эсептесе, керектүү негизги документациянын талап кылынган тизмесин камтыган расмий арыз даярдап, ЖАОго жөнөтүү.»;
8) 18- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18. Комиссия мүчөлөрүнүн отчеттору түрүндө берилген оң корутунду, арыз ээси/эксплуатант менен болгон жыйналыштын протоколу/дору, алдын ала жыйналыштарды өткөрүү боюнча контролдук карталар, документтердин канааттандырарлык баасы, I маалыматтык этап боюнча иш-чараларды текшерүү боюнча толтурулган контролдук карта, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын бардык талаптарын жана тастыктамалоо жол-жоболорун түшүнгөндүгү тууралуу арыз ээси/эксплуатанттын каты, тастыктамалоонун II этабына өтүүгө негиз болуп саналат.»;
9) 21-пунктта « 6-тиркемеси» деген сөздөрдүн алдында «4,» деген сан менен толукталсын;
10) 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27.Тастыктамалоонун III этабында ЖАО арыз ээси/эксплуатанттын башкаруучу персоналындагы кызматкерлерди «Арыз ээси/эксплуатанттын башкаруучу персоналындагы штаттык кызматкерлерди макулдашуу боюнча көрсөтмө» SCAA-OPS-GM-49 боюнча макулдашат. Ошондой эле ушул этапта ЖАО арыз ээси/эксплуатанттын укуктук жана финансылык-экономикалык абалын баалап, анын аба кемелерин коопсуз эксплуатациялоого, билдирилген маршруттарды аткарууга, ишмердүүлүктүн туруктуулугун камсыз кылууга, квалификациялуу персоналдын бар болушуна жана коомдук кызыкчылыктарга жооп берген тейлөө деңгээлине жөндөмдүүлүгүн тастыктайт. Баалоо ушул Колдонмонун 4 жана 5-тиркемелеринде көрсөтүлгөн документтердин негизинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ЖАО арыз ээси даярдаган негизги жана зарыл документацияны комплекстүү экспертиза кылып, анын эксплуатанттын тастыктамасын алууга даяр экенин текшерет жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча арыз ээси/эксплуатантты Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын жана ушул Колдонмонун талаптарына ылайык келгендиги тууралуу маалымдайт.»;
11) 30-пунктта «адистер» деген сөз «инспекторлор» деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 36-пункттун 9-пунктчасынан (подпункт) кийин төмөнкүдөй мазмундагы 91 -пунктча (подпункт) менен толукталсын:
«91. «Кооптуу жүктөр:
- «Кооптуу жүктөр боюнча тастыктамалоо жол жоболору боюнча нускама» SCAA-OPS-GM-46;
- «Кооптуу жүктөр боюнча көзөмөл жүргүзүү жол жоболору боюнча нускама» SCAA-OPS-GM-43.»;
13) 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“37. Инспекциялык текшерүү ушул этапта арыз ээси менен макулдашылган Тастыктамалоонун IV этабынын графигине ылайык жүргүзүлөт жана анда төмөндө көрсөтүлгөн арыз ээсинин ишмердүүлүгүнүн, жок дегенде, төмөнкү аспектилери текшерилет:
- Ишти уюштуруу жана башкаруу (администрациялоо);
- Учуу ишин уюштуруу (учууларды аткаруу);
- Учууга жарамдуулукту колдоо;
- Аба кемелерин техникалык тейлөө (эгерде өзүнүн техникалык тейлөө уюмуна ээ болуу каралса);
- Аба кемелерин жерде тейлөө;
- Эксплуатациялык контролдоо;
- Авиациялык персоналды кесиптик даярдоо;
- Учуу коопсуздугун башкаруу системасы жана сапатты камсыздоо системасы;
- Кооптуу жүктөрдү ташуу;
- Авиациялык коопсуздук;
- Учуу эксплуатациясы, учууга жарамдуулук жана авиациялык коопсуздук аспекттери боюнча аба кемелерин перрондо текшерүү;
- Демонстрациялык учуулар; (бир же бир нече демонстрациялык учууларды өткөрүү, коммерциялык учуулардын мисалында бекитилген стандарттык жол-жоболорго ылайык аткарылат).”;
14) 502-пунктунда “күбөлүгүнө” сөзү “тастыктамасына” деген сөзгө алмаштырылсын, “күбөлүккө” деген сөз “тастыктамага” деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 62-пункттунда «сапатты башкаруу системасын ишке ашырууну камсыз кылуу» деген сөздөр «сапатты башкаруу системасын ишке ашыруу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 64-пункттунда “сертификатына” сөзү “тастыктамасына” деген сөзгө алмаштырылсын:
17) 71-пункттагы «алдын ала» деген сөз «расмий» деген сөз менен алмаштырылсын;
18) 74-пункттагы «арыз ээси» деген сөздөн кийин «эксплуатант» деген сөз менен толукталсын
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130/б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмонун» 2-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2) 2-Тиркеменин 48-пунктундагы “РОНО” сөзүн “Учуу иштери жүргүзүү боюнча Колдонмо” же башка Колдонмо” сөзү менен алмаштырылсын;
2) 2-Тиркеменин 51-пунктундагы “РОНО” сөзүн “Учуу иштери жүргүзүү боюнча Колдонмо” же башка Колдонмо” сөзү менен алмаштырылсын:
3) 2-Тиркеменин 52-пунктундагы “РОНО” сөзүн “Учуу иштери жүргүзүү боюнча Колдонмо” же башка Колдонмо” сөзү менен алмаштырылсын:
4) 2-Тиркеменин 64-пунктундагы «учуу өндүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүү (учууну камсыздоо боюнча кызматкерлер)» деген абзацтан кийин төмөнкү абзац менен толукталсын:
Дайындалган кызмат адамдары төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) Авиациялык коопсуздук стандарттарын жана коопсуз эксплуатациялоо методдорун колдонууда практикалык тажрыйба жана компетенттүүлүк:
2) ар тараптуу билимдер:
- учуу коопсуздугунун эрежелери жана мамлекеттин бардык тиешелүү талаптары жана жол-жоболору;
- эксплуатанттын эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү;
- эксплуатанттын Учууларды аткаруу боюнча колдонмонун тиешелүү бөлүмдөрүнүн зарылчылыгы жана мазмуну.
3) Авиация тармагында башкаруу системасынын иштөө принциптерин билүү, артыкчылыктуу.
4) Тийиштүү башкаруучулук тажрыйбанын болушу, мүмкүн болсо окшош уюмда.
5) Тийиштүү кесиптик тажрыйбасы кеминде 5 жыл болушу, анын ичинде жок дегенде 1 жылы — авиация тармагында тиешелүү кызматта.
6) 2-Тиркеменин 66-пунктундагы «жетекчилик же башка кызматтык ордун сөзү «жооптуу жетекчи же башка кызматтык ордуна карабастан» сөзү менен алмаштырылсын ;
2-тиркеменин 67-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«67. Аба кемесинин учуу эксплуатациясы боюнча Колдонмосу:
- аба транспорту эксплуатациясы тармагында жогорку же атайын авиациялык билимге ээ болуу;
- Эксплуатанттын аба кемесинин түрүнө карата уруксаты (допуску) бар, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын линиялык учкучунун колдонуудагы күбөлүгүнүн, же эксплуатанттын аба кемесинин түрүнө мурда берилген квалификациялык белгинин болушу;
Эгерде дайындалган адамдын күбөлүгү жана квалификациялык белгилери учурда жараксыз болсо, анын орун басары эксплуатанттын аба кемесинин түрүнө карата уруксаты (допуску) жана тиешелүү квалификациялык белгилери бар, колдонуудагы учкучтун күбөлүгүнө ээ болууга тийиш.
- жарандык авиацияда аба кемесинин командири (КВС) катары кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
- жетекчилик же инструктордук тажрыйба артыкчылык болуп эсептелет;
- Жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлгөн маектен ийгиликтүү өтүп, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясына тиешелүү аба мыйзамдарын жана жетекчилик документтерди билүү;
- жашы кеминде 25 жаш;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу артыкчылык болуп эсептелет.»;
7) 2-тиркеменин 68-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«68. Аба кемесинин техникалык эксплуатация боюнча жетекчи:
- төмөнкү адистиктердин биринде жогорку техникалык билимге ээ болуу:
- учуучу аппараттарды жана авиациялык кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо жана конструкциялоо;
- техникалык эксплуатация, же авиациялык жабдыктар жана учуучу аппараттардын электро жабдууларын, пилотаж-навигациялык комплекстерди, аба кемелеринин борттук радиоэлектрондук жабдууларын конструкциялоо;
- орто-атайын техникалык билимге ээ болуу (Жарандык авиациянын авиациялык техникуму же Аскердик аба күчтөрүнүн авиациялык техникуму) жана андан кийин башка техникалык ЖОЖдордо жогорку билим алуу;
- Эксплуатанттын аба кемесинин түрүнө карата уруксаты (допуску) бар, жарандык авиациянын инженеринин колдонуудагы күбөлүгүнүн болушу;
- аба кемелерин техникалык пайдалануу жана учууга жарамдуулугун колдоо тармагында кеминде 5 жылдык практикалык тажрыйбанын болушу;
- Аба кемелеринин учууга жарамдуулугун колдоо жаатындагы КРАЭ-8, Жарандык авиация органынын жетектөөчү документтеринин жана башка документтер боюнча ар тараптуу билими;
- Жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлгөн маектен ийгиликтүү өтүп, эксплуатанттык аба кемелеринин түрлөрү/компоненттери жана агрегаттары боюнча техникалык тейлөө системаларынын, ыкмаларынын, ошондой эле техникалык тейлөө программаларын иштеп чыгуу тажрыйбасын билүү;
- жашы кеминде 23 жаш;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу артыкчылык болуп эсептелет.»;
8) 2-тиркеменин 69-пунктунда «учуу курамында, АВД диспетчери же инженер катары иш тажрыйбасы артыкчылык болуп эсептелет» деген абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
“ - жарандык авиацияда өз адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы же 6 айдан кем эмес УКБС (учуу коопсуздугун башкаруу системасы) боюнча стажировкадан өтүү;”
9) 2-тиркеменин 70-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«70. Сапатты камсыздоо системасы боюнча менеджер:
- жогорку/орто-атайын авиациялык билимге же каалаган профилдеги жогорку/орто-атайын билимге ээ болуу, бирок жарандык авиация чөйрөсүндө кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы болушу керек;
- сапатты башкаруу системасы, аудит жүргүзүү методикасы жана негизги себептерди аныктоо боюнча актуалдуу сертификаттар;
- жарандык авиацияда өз адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы же сапатты башкаруу системасы боюнча 6 айдан кем эмес стажировкадан өтүү;
- Сапатты камсыздоо системасы боюнча кеминде 1 жылдык иш тажрыйбасы же сапатты камсыздоо системасы боюнча кеминде 6 айлык стажировкадан өткөндүгү;
- Жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлгөн маектен ийгиликтүү өтүп, Кыргыз Республикасынын жетекчилик документтерин жана сапатты башкаруу жаатындагы документтерди толук билүү;
- жашы кеминде 21 жаш;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу»;
10) 2-тиркеменин 71-пунктундагы “ - аба транспорту эксплуатациясы тармагында орто-атайын авиациялык билимге же каалаган профилдеги орто-атайын билимге ээ болуу, бирок жарандык авиация чөйрөсүндө кеминде 5 жылдык тажрыйба болушу керек” деген абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын линиялык учкучунун колдонуудагы күбөлүгүнүн болушу;
- эксплуатанттын аба кемесинин түрүнө карата инструктордук колдонуудагы белгинин (отметканын) болушу;
Эгерде дайындалган адам пайдалануучунун аба кемесинин түрү боюнча колдонуудагы инструктор болуп саналбаса, анын орун басары пайдалануучунун аба кемесинин түрү боюнча колдонуудагы инструктор болууга тийиш;
- эксплуатанттын учуучу персоналды даярдоо концепциясы боюнча терең билимге ээ болуу;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130/б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмонун» 4-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1. Эксплуатанттын тастыктамасын алууда
Арыз берүүчүнүн укуктук статусун баалоо арыз жана ал тарабынан ЖАОга берилген документтерге негизделет. Укуктук статуска баа берүүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында юридикалык жак катары бирдиктүү укуктук базада каттоонун тууралыгын текшерүү зарыл. Арыз ээсинин бардык документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш жана жарандык авиация органынын кароосуна уставдык документтерге ылайык уюмдун башкы директорунун же аны алмаштыруучу жактын колу коюлган документтердин номурланган жана тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
2. Тастыктамалоонун биринчи этабында арыз ээси/эксплуатант тастыктамалоо процессин баштоо үчүн алдын ала документтерди берет:
- юридикалык жакты түзүү жана башкы директорду дайындоо жөнүндө Чечимдин көчүрмөсү;
- юридикалык жактын негиздөөчүсү же негиздөөчүлөрүнүн паспортунун көчүрмөсү;
- башкы директордун паспортунун көчүрмөсү;
- юридикалык жактын ИНН жана ОКПО берилген мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө Күбөлүктүн көчүрмөсү;
- юридикалык жактын Уставынын көчүрмөсү;
- юридикалык жактын Негиздөө келишиминин көчүрмөсү;
- аба кемесин жана/же аба кемелерин ижарага алуу жөнүндө Келишимдин көчүрмөсү;
- аба кемесин сатып алуу-сатуу жөнүндө Келишимдин же аба кемесинин ижара берүүчүсүнө таандык экенин тастыктаган сатып алуу сатуу актысынын (Bill of sale) көчүрмөсү;
- Аба кемесинин камсыздандыруу тастыктамасынын көчүрмөсү;
- үчүнчү жактар алдында жарандык-укуктук жоопкерчилик боюнча камсыздандыруу тастыктамасынын көчүрмөсү;
- коммерциялык жана коммерциялык эмес жүргүнчүлөр алдында жарандык-укуктук жоопкерчилик боюнча камсыздандыруу тастыктамасынын көчүрмөсү;
- жүк, багаж жана почта үчүн камсыздандыруу тастыктамасынын көчүрмөсү.
Көрсөтүлгөн документтерди берүү Жарандык авиация органына аларды баалоону ишке ашырууга мүмкүндүк берет, бирок мындай баалоо алдын ала жана маалыматтык мүнөзгө ээ жана тастыктамалоо процессин андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн гана колдонулат.
Тастыктамалоонун экинчи этабы башталганга чейин пайдалануучу жогоруда көрсөтүлгөн документтердин жаңыртылган жана акыркы варианттарын (версияларын) сунуштоого милдеттүү. Бул документтер тапшырылган учурга карата актуалдуу болууга жана тастыктамалоо процессин улантуу үчүн коюлган бардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130/б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмонун» 5-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Тастыктамалоонун биринчи этабында арыз ээси/эксплуатант финансы-экономикалык абалына тиешелүү болгон алдын ала документтерди сунуштайт.
Төмөндө көрсөтүлгөн документтерди сунуштоо Жарандык авиация органына аларга алгачкы баа берүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет; ал баа берүү өзгөчө маалыматтык мүнөзгө ээ жана тастыктамалоо процессин андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн гана колдонулат.
Эксплуатанттын тастыктамасын алууга же арыз ээсинин/эксплуатанттын финансы-экономикалык абалынын актуалдуулугун тастыктоого зарыл болгон документтердин тизмеси.
1) Каржылык отчеттуулук:
- Ф.1 Бухгалтердик баланс;
- Ф.2 Пайда жана чыгымдар тууралуу отчет;
- Ф.3 Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
- Ф.4 Капиталдагы өзгөрүүлөр тууралуу отчет;
2) Жылдык бухгалтердик отчеттуулукка түшүндүрмө жазма;
3) Текшерилүүчү мезгил үчүн Салык кызматы жана Социалдык фонд менен эсептешүүлөрдүн актылары;
4) Каржылык абалдын жана төлөм жөндөмдүүлүгүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө талдоо;
5) Кредитордук жана дебитордук карыздардын деталдуу маалыматтары (расшифровкасы);
6) Көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусу;
7) Эгерде аба кемесинин эксплуатациялоочу тастыктамасын алгачкы жолу алуу каралса, анда арыз ээси төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-планды иштеп чыгат:
- 24 айдын ичинде пландаштырылган учуу программасын аткаруу мүмкүнчүлүгүн жана жүзөгө ашырылып жаткан ишмердүүлүктөн алынган кандайдыр бир кирешени колдонбостон, ишмердүүлүк башталгандан кийин үч айдын ичинде өзүнүн бизнес-планына ылайык ишмердүүлүктүн жүрүшүндө контрактталган (макулдашып сүйлөшулгөн) жана реалдуу божомолдордун негизинде аныкталган туруктуу жана жумушчу чыгымдарды жабуу жөндөмдүүлүгүн негиздөө;
- Эксплуатациялануучу ар бир учак боюнча күйүүчү майга кетүүчү болжолдуу кирешелер жана чыгашалар, тарифтер, эмгек акы, техникалык тейлөө, амортизация, валюта курсуна байланышкан термелүүлөр, аэропорттук тарифтер, аэронавигациялык тарифтер, жердеги тейлөөгө кеткен чыгымдар, камсыздандыруу ж.б. боюнча маалыматтар;
- Арыз ээсинин ишинин биринчи толук жылы үчүн ташуулардын жалпы көлөмүнүн жана алынган кирешелердин болжолдоолору, анын ичинде болжолдуу эсептөөнүн негизине алынган негиздөөчү маалыматтар.;
- каржылоонун учурдагы жана күтүлгөн булактары боюнча деталдуу маалыматтар;
- аба кемелерин сатып алуу/ижарага алуу тартиби боюнча деталдуу маалыматтар, анын ичинде ижара болсо, келишимдин мөөнөтү жана шарттары
Бул документтерге акыркы баалоо тастыктамалоонун үчүнчү этабында жүргүзүлөт.
Тастыктамалоонун үчүнчү этабы башталганга чейин пайдалануучу жогоруда көрсөтүлгөн документтердин жаңыртылган жана акыркы варианттарын (версияларын) сунуштоого милдеттүү. Бул документтер тапшырылган учурга карата актуалдуу болууга жана тастыктамалоо процессин улантуу үчүн коюлган бардык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. ».
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130/б буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмонун» төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
6. Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатанттары «Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмого» киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду аткарууга алсын жана ошондой эле өздөрүнүн жетекчи документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т. Төлөгөновгө жүктөлсүн.
8. Бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор |
| Д.К. Бостонов |