Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экинчи сессиясы
ТОКТОМ
27.12.2024-жыл. № 6
Кашка-Суу айылы
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 337-статьясынын негизинде юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын базалык ставкасын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.А. Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-статьясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарынын аймактын татаал климаттык шартына байланыштуу жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын өлчөмү бекитилсин.
- Кашка-Суу айылы -83 сом
- Ачык-Суу айылы -85 сом
- Кабык айылы -65 сом
- Кара-Кабак айылы -87 сом
- Жайылма айылы -83 сом
- Бурган-Суу айылы -83 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |