Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экинчи сессиясы
ТОКТОМ
27.12.2024-жыл. № 7
Кашка-Суу айылы
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 4-беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коэфициенттерин өлчөмүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.А.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин кезектеги экинчи сессияс
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339-статьясынын 1-пунктунда белгиленген жердин ставкасы таблицанын негизинде жашаган санына карата 1,6 сом- м2 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 4- беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ-зоналдык коэфициент 1,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 6- беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КК- коммерциялык коэфициенттин өлчөмү төмөндөгү таблицанын негизинде бекитилсин .
АЯНТ М2 | 10м2 чейин | 10-20м2 | 20-35м2 | 35-50м2 | 50 андан жогору м2 |
ККнын негизи сом менен | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
жана АЗСтер үчүн 10 сом м2, техникаларды оңдоочу жайлар үчүн м2- 0,2 жана тоо кен иштеткен ишканалардын имараттары жана сооружениялери үчүн м2 0,3 сомго бекитилсин.
4.Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 5- пункутуна ылайык аймакта калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан, жашап жаткан менчик үйлөрүнүн бөлүгүн же үйлөрүн пайдаланган учурда айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына салык эсептөөдө КК- коммерциялык коэфициент 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисияна тапшырылсын
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |