Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-декабры №1-2
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 30-ноябрь 2024-жылдагы №3/1-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 8-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 30-ноябрындагы №3/1-протоколу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Мамыразаков Имамназар Авазович айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.