Загрузка документа…
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экинчи сессиясы
ТОКТОМ
27.12.2024-жыл. № 10
Кашка-Суу айылы
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерди бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкердин тиешелүү документтерин карап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесине ылайык Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкердин документтери Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Карыбеков |