Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5-отуруму
2024-жылдын 29-августу № 5/2
Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |