Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын13-декабры №2-3
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү тууралуу
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жактырылсын жана бекитилсин.
2.Сунушталган резервке талапкерлердин документтерин тактап Ноокат АШКнын төрагасына тапшыруу жагы талапкерлерге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Ж.К.Исаевке жүктөлсүн.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |