Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5-отуруму
2024-жылдын 29-августу № 5/4
Курманжан Датка айыл аймагындагы 2024-2025-жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары, окуучуларга берилүүчү ысык тамактын уюштурулушу жана шарттардын түзүлүш абалы жөнүндө
Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим
берүүлөрүнүн 2024-2025-жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары, окуучуларга берилүүчү ысык тамактын уюштурулушу жана шарттардын түзүлүш абалы боюнча аткарылып жаткан иштери канааттандырылсын деп белгиленсин.
2.Айыл айымагынын өкмөтүндөгү мекемелеринин 2024-2025-жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары, окуучуларга берилүүчү ысык тамактын уюштурулушу жана шарттардын абалын жөнгө салуу үчүн мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |