Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-декабры №2-4
“Жеткинчек-Кеңеш”, “Айбийке” жана “Алийма-эне” балдар бакчаларына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
“Жеткинчек-Кеңеш ”, “Айбийке” жана “Алийма-эне” балдар бакчаларына кошумча тайпа ачуу тууралуу ата-энелердин суроо-талаптарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасына эки тайпа, “Айбийке” балдар бакчасына эки тайпа жана “Алийма-эне” балдар бакчасына бир тайпа кошумча ачууга макулдук берилсин.
2.Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчаларынын башчыларына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |