Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын16-январы №3-2
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) жактырылсын жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (СЭӨП) алкагында үч жылдык божомол пландын негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетин түзүү жана аны максаттуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешининбюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |