Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын16-январы №3-3
Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:: башчы-1, орун басар- жооптуу катчы —1, ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-3, жетектөөчү адис-3, адис-2, кенже тейлөөчү кызматкер-2 жана техникалык тейлөөчү кызматкер -2 болуп бардыгы 15 штаттык саны бекитилсин.
2.Келишимдин негизинде 6 штат кармалсын.
3.Айылдык кеңештин 1 жооптуу катчы штаттык бирдиги бекитилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүл Назаралиевнага тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |