Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2024-жылдын 26-июлу №4/2
Айыл өкмөтүндөгү маданият тармагындагы кызматкерлердин жана китепканачылардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурасындагы коргоо жана пайдалануу жаатындагы жана маданият кызматкерлеринин элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасындагы жүзөгө ашырууну уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 13-пунктунун жана 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү маданият тармагындагы кызматкерлердин жана китепканачылардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурасындагы коргоо жана пайдалануу жаатындагы жана маданият кызматкерлеринин элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасындагы жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Маданият тармагындагы кызматкерлердин жана китепканачылардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурасындагы коргоо жана пайдалануу жаатындагы жана маданият кызматкерлеринин элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасындагы жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын..
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |