Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын16-январы №3-4
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга айылдык бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган айылдык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «бюджет,экономика, муниципалдык менчик айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2, 4-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 31274,8 миң сом өлчөмүндө долбоору жактырылып, 2025-жылга айылдык бюджеттин кирешелери жана чыгашалары тактоолор, толуктоолор менен бекитилсин.
2.Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициент К-1-1,2; өлчөмүндө бекитилсин.
3.Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2025-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгынан 974 кожолуктун 127,83 га жер аянтына 127830 сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.
4.Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.Айыл аймагында тамарка салыгы, айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы,2-3 группадагы мүлк салыгы киргизилсин.
6.Айыл аймагындагы бюджеттик мекеме ишканалардын жылытуу системасынын жаңылангандыгына жана жаңыдан кирген объектилерди эске алып, сатып алган көмүрдүн жалпы көлөмү 302 тоннага бекитилсин.
7.Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
8.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун
негизги көрсөткүчтөрү колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2026-жыл 32518,1 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 12447,6 миң сом менен) 2027-жылга 34088,1 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 12447,6 миң сом менен) белгиленсин.
9.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
10.Кеңеш айыл аймагындагы бюджеттик мекеме-ишканалардын электр энергиясынын лимити 634,4 мквт/ саат деп бекитилсин.
11.Балдар бакчаларындагы ата-энелерден түшүүчү взностор, базар бааларынын жогорулагандыгына байланыштуу 3056,5 миң сом акча каражаты кошумча каралып бекитилсин.
12.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү Финансы министирлигинин планына киргиздирип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин жана толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
13.Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
14.Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
15.2025-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
16.Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык
негиздерин чындоо, алардын финансылыкмамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
17.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |