Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын16-январы №3-5
Жайыт жерлерин пайдалануунун акысын көтөрүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн башчысынын жайыт жерлерин пайдалануунун акысын көтөрүү тууралуу сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагынын жайыт жерлерин пайдалануунун акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө: чөп даярдоо жерлерди пайдалануунун акысы 1 га жер аянтына 1500 (бир миң беш жүз) сом, бак болгон жерлерди пайдалануунун акысы 1 га жер үчүн 3000 (үч миң)сомдон 5000(беш миң) сомго чейин; ок атуу үчүн жана ар түрдүү багытта пайдаланууга берилген жерлердин акысы 1 га жер үчүн 10 000(он миң) сом деп бекитилсин.
2.Малдардын башынан алынуучу саалыктардын баалары төмөндөгүдөй болуп эсептелсин: кара малга бир айга 18 сом, 7 ай сезонго 126 сом; музоого сезонго 10 сом; жылкыга бир айга 18 сом, 7 ай сезонго 126 сом; эчкиге бир айга 18 сом, 7 ай сезонго 126 сом; койго бир айга 10 сом 7 ай сезонго 70 сом;
3.Малдарды жайытка чыгаруунун графиги Ак-терек, Как, Кара-Таш жайыттарына 1-марттан 25-апрелге чейин; Чегеден, Жаман адыр жайытына 30-майга чейин; Кеңой, Котур-Булак, Суу-Дөбө жайыттарына 01-апрелден тартып октябрь айына чейин деп бекитилсин.
4.Мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бакытбек Насиркуловичке тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |