Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын16-январы №3-6
Как участкасынан көмүр ташуу үчүн жолдон 5 км жерге уруксат берүүгө макулдук берүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн башчысынын Ак-терек айылындагы Как участкасынан көмүр ташуу үчүн жолдон 5 км жерге уруксат берүүгө макулдук берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Как участкасынан көмүр ташып өтүү үчүн жолдон 5 км жерге уруксат берүүгө макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бакытбек Насиркуловичке тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |