Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №4-1
Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2025-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу
2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2025-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу ФЭБнүн башчысынын жана «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан 4526,8 миң сом акча калдыгын кайра кароо үчүн айыл өкмөтүнө кайтарылсын.
2.Айылдык кеңештин депутаттарынан түшкөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |