Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №4-2
2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кеңеш айыл аймагындагы турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кеңеш айыл аймагындагы турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Салык кодексинин 379-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кеңеш айыл аймагындагы турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн салык ставкасынын өлчөмү 1м 2 аянтка 12,66 сом деп бекитилсин.
2.Кеңеш айыл аймагындагы турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн салык ставкасынын өлчөмү боюнча иш алып баруу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |