Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы №4-3
Арбын айылындагы Арбын орто мектебине химия илимдеринин доктору, профессор Токтомаматов Абдивалинин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы Арбын орто мектебине химия илимдеринин доктору, профессор, Арбын айылынын тургуну Абдивали Токтомаматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Арбын айылынын жашоочуларынын сураныч катын, Арбын орто мектебинин педагогикалык жамаатынын жалпы жыйынын чечимин жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы Арбын орто мектебине химия илимдеринин доктору, профессор, Арбын айылынын тургуну Абдивали Токтомаматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Арбын айылынын тургундарынын, Арбын орто мектебинин мугалимдер жамаатынын сунушу жактырылсын жана колдоого алынсын.
2.Арбын айылындагы Арбын орто мектебине химия илимдеринин доктору, профессор, Арбын айылынын тургуну Абдивали Токтомаматовдун ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
3.Арбын айылындагы Арбын орто мектебине химия илимдеринин доктору, профессор, Арбын айылынын тургуну Абдивали Токтомаматовдун ысмын ыйгаруу боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечимин демилгелөөчү тарапка тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Төрага |
О.С.Абдырахманов |