Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2024-жылдын 26-июлу № 4/4
“Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине, “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси У. Курбановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардын бир жылдык бюджетине каралган 265,0 миң сомдун 1/3 бөлүгү 87450 сомду айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө, жер салыгын эске алуу менен калтырылсын. (тиркеме тиркелет).
2. Жыл ичинде алыскы жайыттардан түшкөн салыкты сметада каралган суммадан ашыкча түшсө кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүнө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алцуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |
Курманжан Датка айылдык Кеңештин төрайымы:
_____________З.Абдыкадырова
Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 2024-жылдагы 4-отурумунун №4/4 токтому менен бекитилди
Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардын 2024-жылга карата
БЮДЖЕТИ :
Эскертүү: Курманжан Датка айыл өкмөтү боюнча жайыт пайдалануу
1 баш жылкы жана уй, топоз үчүн 50 сом 6 айга чейинки торпок, кулун үчүн 30 сом, кой, эчки үчүн 10 сом же болбосо бир шартуу мал башына 50 сом.
Башка айыл өкмөттөрдөн келген малдарга 500 сом, кой эчкиге 200 сом
Айылдар боюнча малдын саны жана жайыт суммасы:
№ | Айылдардын аталышы | Кара мал башы | Жылкы башы | Кой, эчки | Жалпы сумма |
1 | Жар-Кыштак | 153 | 162 | 120 | 16950 |
2 | Боз-Караган | 390 | 224 | 448 | 35280 |
3 | Кара-Шоро | 355 | 222 | 600 | 35250 |
4 | Арпа-Тектир | 427 | 460 | 700 | 52130 |
5 | Кызыл-Ой | 69 | 19 | 89 | 5390 |
6 | Кабылан-Көл | 350 | 300 | 888 | 41500 |
7 | Күңгөй | 300 | 204 | 780 | 33000 |
8 | Кара-Жыгач | 200 | 196 | 600 | 25800 |
9 | Курулуш | 188 | 106 | 500 | 19700 |
| Айыл аймак боюнча | 2432 | 1911 | 4725
| 265 000
|
Шарттуу малдын башы
Малдын түрү | Малдын түрү ШМБ | Жайыт пайдалануу үчүн 1 малдын башына төлөнүүчү сумма | Жайыт үчүн чогултулуучу сумма |
Ийри мүйүздүү мал | 2432
| 50 | 121 600 |
Майда жандык | 957 | 50 | 47 850 |
Жылкы | 1911 | 50 | 95 550 |
Жалпы | 5300 |
| 265 000 |
Чыгашалар сметасы
№ | Чыгышалар бөлүгү | Суммасы, сом | Жалпы сумма |
1 | Айыл өкмөтүнө калуучу 1/3 бөлүгү жер салыгын эске алуу менен | 87450 | 87450 |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу (жолдор,көпүрөлөр ж.б) | 120 000 | 120 000 | |
Жайыт асоссациясына мүчөлүк акы | 5000 | 5000 | |
Жайытка мониторинг жүргүзүү |
|
| |
Жайыт башкаруу планын иштеп чыгуу |
|
| |
Жайыт пайдалануучулардын билимин жогорулатууга | 12 550 | 12 550 | |
2 | Административдик чыгымадар | 10 000 | 10 000 |
Жайыт төрагасынын эмгек акысы | 0.0 | 0.0 | |
Жайыт комитетинин бухгалтеринин эмгек акысы | 0.0 | 0.0 | |
Социалдык чегерүүлөр 17,25% | 0.0 | 0.0 | |
Сапарга чыгуу жана транспорттук күйүүчү майга арналган чыгымдар | 20 000 | 20 000 | |
3 | Конц товар | 10 000 | 10 000 |
4 | Жайыт пайдалануу үчүн жер салыгы |
|
|
5 | Резервный фонд ЖК |
|
|
6 | Жалпы жайыт акысы шарттуу мал башы |
| 265 000 |
| Бардыгы |
| 265 000 |
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жайыттын башка максатта пайдалануу үчүн
Мисалы: 1. Чөп орууга 1 га 1000сом
2. Көрктөндүрүү үчүн 1 га 3000
3. Дары чөп терүү үчүн 1 га 1500 сом
“Курманжан Датка таза суу,тазалык,
жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык
ишканасынын жетекчиси У. Курбанов