Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2024-жылдын 26-июлу № 4/5
Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга жана чогултулган таштандыларды ташып чыгууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга жана чогултулган таштандыларды ташып чыгууга болгон акыларынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
- ар бир кожолукка (түтүнгө) 1 куб 35 (отуз беш) сом;
- таштанды чогултууга ар бир кожолукка (түтүнгө) 50 (элүү) сом;
2. Чогултулган ичүүчү таза суунун акылары жана чогултулган таштандыларды ташып чыгууга түшкөн акча каражаттары “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |