Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2024-жылдын 26-июлу № 4/6
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы жөнүндө
Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл айымагынын өкмөтүндөгү №23 М. Ташиев, №24 К. Аматов, №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектептеринин жана Күнгөй №52 баштооч мектебинин 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалын жөнгө салуу үчүн №23 М. Ташиев жана №52 Күнгөй баштооч мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. №35 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткаруу иштерин жөнгө салуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |