Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2024-жылдын 26-июлу № 4/7
Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылындагы айыл чарбасына жараксыз жердин чегин аныктап жана ижарага берилүүчү аянтын бөлүп берүү жана баасын аныктап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 1-пунктунун жана 90-беренесинин 1-пунктунун негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын сайынан айыл чарбасына жараксыз 1 (бир) га жерден келишимдин негизинде өздөштүрүп көрктөндүрүүгө жана балык өстүрүүгө, бассейн уюштурууга макулдук берилсин.
2. Жар-Кыштак айылынын айыл чарбасына жараксыз 1 (бир) га жерди 0,50 чарчы метрден 2 лот менен 5 жылга келишимдин негизинде ижарага берилсин.
Баштапкы баасы 1500 сомдон башталсын.
3. Жер салыгы жана камсыздандыруу мүчөлүк акылары аукциондон утуп алгандан кийинки келишимдин негизинде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төгүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссисына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |