Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2024-жылдын 26-июлу № 4/8
Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылындагы курулган мечиттин атын Аматкулов Бөдүк деп коюу
жөнүндө
Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылынын тургундарынын 2024-жылдын 10-июлундагы элдик жыйынынын “Аматкулов Бөдүк” деп атын коюу жөнүндөгү №1 протоколунуннегизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылынын тургундарынын 2024-жылдын 10-июлундагы элдик жыйынынын “Аматкулов Бөдүк” деп атын коюу жөнүндөгү №1 протоколунун негизинде макулдук берилсин.
2. Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылындагы мечит “Аматкулов Бөдүк” атындагы мечити болуп аталсын.
3. Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
Төрайым: | З. Д. Абдыкадырова |