Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу жыйналышы
2025-жылдын 24-февралы № 1/3
“Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши"
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ой-Тал айылдык кеңеши” мекемеси жана “Капчыгай” айылдык кеңеши мекемеси бириктирүү жолу менен “Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши” болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: "Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Ой-Талского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: " Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.
- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Ой-Талского айылного аймака"
2. “Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Сары-Бээ айылы, Ш.Курмантаев көчөсү № 9 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрайым: |
| Б.С.Оморова |